12:50
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08
Кыргызча

Айыл өкмөтүнүн депутаты катышкан куралдуу топ колго түшүрүлдү

Нарын облусунда айыл өкмөтүнүн депутаты катышкан куралы бар кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул туурасында ИИМ кабарлайт.

Ведомствонун билдирүүсүндө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөш жүргүзгөн Башкы башкармалыктын кызматкерлери кылмыштуу топтун куралын тартып алып колго түшүрдү. Бул окуя 4-март, саат 19.00 чамасында болгон. Кочкор районунун «Сары-Чат» постунда токтотулган «Тойота Авенсис» рулунда мурда соттолгон Кемин районунун тургуну отурган.

«Тинтүү маалында авто-унаанын багаж бөлүгүнөн ыкчам топтогулар ок атуучу курал жана ок-дарыларды табышкан. Алар: номуру кырылган ТТ маркасындагы тапанча жана анын 10 патрону, 16 калибрлүү чолок мылтык, травматикалык «Байкал» тапанчасы, кара скотч оролгон жыгач союл, беткап, жумшак колгап, аркан, чөнтөк телефон жана симкарттар болгон.

Алардын өздүктөрү такталды, 26дан 32 жашка чейинки төртөө тең Кемин районунун тургундары болуп чыкты. Экөөсү мурда соттолгон, а бирөөсү Кара-Булак айыл кеңешинин депутаты.

«Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн «маселесин» курал колдонуу менен чечүүнү көздөгөн», - дейт милийсадагылар. Факты боюнча КР ККнын 241 беренесине (мыйзамсыз ээлик, сатуу, өткөрүү, сактоо, ташуу, курал алып жүрүү, куралдануу) ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөө уланууда, о.э. бул топтогулардын башка иштерге да тиешеси бары, жогу такталууда.

Бизнес