Экономикалык клубдун жыйынында «Кыргызстандын өкмөтү геологиялык чалгындоо иштерине бюджетти үч эсе көбөйтмөй болууда», - дейт Мамлекеттик геоагент деректири Дүйшөнбек Зилалиев
Айтымында, буга чейин 35 миллион сом гана сарпталган. «Бул суммага минералдык-сырье базасын кеңейтүүгө мүмкүн эмес. 2014-жылы премьер-министр финансылоону 100 миллион сомго чейин көтөрүүнү убада кылган», - деп кошумчалады.
Мамгеология жетекчиси Кыргызстандын минералдык-сырье базасы алтындан башканы өндүрө албай келатканын айтып, СССР учурунда гана бул тармак боюнча чалгындоо иштери оңдуу жүрүп, кийин алтын өндүрүшүнөн башка тармактагы көрсөткүчтөр төмөндөгөнүн белгиледи.
Аткаминердин айтымында, болгону үч аукцион гана 90 миллион сом иштеп тапкан. Ал сумманын 85 проценти бюджетке түшүп, 7 проценти минералдык-сырье базасын өндүрүүгө, 7 проценти жергиликтүү бюджетти, ал эми 1 проценти Мамгеология атайын эсебин кармоого коройт.