22:26
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11
Кыргызча

Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнүнө карата көрсөтмө болуп өттү 

Бишкекте Улуттук китепкананын библиография бөлүмүндө КР Мамлекеттик туусуна арналган жасалгалуу-китеп көрсөтмөсү болуп өттү.

Китепкана кызматкери Чолпон Шабданованын айтымында, көрсөтмөгө коюлган материалдардан улам 20-жылдардын соңундагы Автономдуу Кыргыз республикасынын желеги кандай чагылдырылганын билсе болот, туу кийин 1936-жылы, о.э. 50- жана 80-жылдары өзгөртүлгөн.

«1992-жылы 3-мартта республикабыз суверенитет алгандыгына байланыштуу КР Мамлекеттик туусу кайрадан жаңыртылган. Анын авторлору - художник-дизайнерлер Э.Айдарбеков, Б.Жайчибеков, С.Иптаров, Ж.Матеева, М.Сыдыков. Желекке түшүрүлгөн түс жана сүрөт өлкөнүн негизги идеясы менен анын максатын, элибиздин өзгөчөлүгүн чагылдырган. Кызыл түс -ата-бабаларыбыздын эркиндик үчүн күрөшүп келгенин жана Ала-Тоо койнундагы бейпил жашоо символу. Туунун ортосундагы күн жана түндүк - биримдик менен ынтымак символу. Түндүк адам баласынын тирилигин, бак-таалайын чагылат. Андан түшкөн нур - кыргыздын 40 уруусунун символу. А алтын түстүү күн нуру - байлык жана бакыт», - деп түшүндүрдү Чолпон Шабданова.


Бизнес