Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жусубали Төрөмаматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын «24.kg» МАга облустук администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымат катчы Жакшылык Станбековдун айтымында, Жусубали Төрөмаматов аппараттын бүгүнкү кеңешмесинен кийин Бишкекке көчкөн үчүн өз арызын жазып берген. «Бул чечимди ал денсоолугуна байланыштуу кабыл алды. Андан сырткары, анын үйбүлөсү да борбор калаада турушат», - деп билдирди.