Жоомарт Сапарбаев: Элчиликке эки талапкер боюнча суроолор көп
Парламенттин эларалык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Жоомарт Сапарбаев журналисттерге «элчиликке эки талапкер боюнча суроолор көп, алар өтпөй калышы ыктымал», - дейт.
Айтымында, талапкерлер боюнча талкуу уланууда. Нур уулу Досбол менен Абдулатиф Жумабаевдин талапкерлиги боюнча олку-солкулук бар. Алардын керектүү деңгээлдеги иш тажрыйбалары да жок. Бирок добуш берүү кандай болору белгисиз, аны айтуу кыйын.
Эскертсек, кыргыз парламентине жети элчи, бир генералдык консулду сунуштоо жөнөтүлгөн.
Алардын арасында Нур уулу Досбол (Тажикстан), Абдилатиф Жумабаев (Сауд Аравия королдугу), Самаргүл Адамкулова (Индия Республикасы), Асанбек Осмоналиев (Иран), Асеин Исаев (Бельгия королдугу), Эрмек Ибраимов (Австрия), Жусупбек Шарипов (Кувейт) жана Максат Тентимишев Гуанжоу шаарынын (КЭР) генералдык консулдугуна сунушталган.
Бардык талапкерлердин (Нур уулу Досболдон башкалары) ТИМ тарабында дипломаттык иш боюнча тажрыйбалары бар.
Эскертсек, Нур уулу Досбол бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев тушунда билим министрлигин жана мамкатчылыкты жетектеген.