09:37
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11
Кыргызча

Кыргызстандын Тоо-металлургия профсоюзу Өмүрбек Текебаевдин мыйзам долбооруна каршы

Кыргызстандын Тоо-металлургия профсоюзу Өмүрбек Текебаевдин мыйзам долбооруна каршы экенин аталган мекеменин жетекчиси Элдар Тажибаев билдирди.

Айтымында, профсоюз жана социалдык-эмгек борбору аталган мыйзам долбоору менен таанышып, андагы Кылмыш кодекси боюнча өзгөртүүлөргө макул эмес. Себеби, мыйзамда каралган кылмыш жоопкерчилиги күчүнө киргенден кийин стратегиялык мааниге ээ ишканалар токтоп калса, андагы жумушчулардын укугу бузулат. Мыйзамдагы жоопкерчилик катардагы жумушчуларга да кесепетин тийгизип, алар нааразычылыгын да билдире албайт. Сунушталган мыйзам долбоор - жумушчулар өздөрүнүн укуктарын коргой алчу мүмкүнчүлүктөн да ажыратат. Бул эларалык жана конституциялык да нормаларга туура келбеген одоно катачылык, анткени жумушчулар өз нааразычылыктарын мыйзам негизинде билдирип чыгууга мүмкүндүк бербейт.  

«Биз стратегиялык ишкананын иши атайылап токтотулбасын деген Өмүрбек Текебаевдин патриоттук максатын жана өзгөртүү киргизген демилгесин колдойбуз. Мамлекет бюджетине түшөр финансылар үзгүлтүккө учурап, ал инвесторлордун жеке кызыкчылыгын коргочу көзүргө айланбашы керек. Анүчүн мыйзам механизминдеги аракеттер дыкат көзөмөлгө алынып, Кыргызстан жарандарынын укугу жана эркиндиги корголушу керек», - дейт Элдар Тажибаев.

КР Тоо-металлургия профсоюзу Өмүрбек Текебаевге каршылык билдирип, аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууну же керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.  

Бизнес