08:27
USD 87.45
EUR 103.74
RUB 1.13
Кыргызча

Парламенттин профилдик комитети сегиз элчинин талапкерлигин карайт, арасында Курманбек Бакиевдин санаалашы да бар

Бүгүн парламенттин эларалык мамилелер боюнча комитети сегиз элчинин талапкерлигин жабык эшик артында карамай болгонун «24.kg» МАга аталган комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.

Бирок ал колу бош эместигин шылтоолоп, талапкерлердин ысымын атоодон баш тартты. «24.kg» МАга белгилүү болгону - ТИМдин мурунку статс-катчысы Асеин Исаев Бельгия элчилигине аттанууну көздөп турган учуру. Ал эми учурда Турцияда элчилик милдетин аткарып жүргөн Эрмек Ибраимов Австриядагы (Вена) дипломатия башчылыгынын милдетин аткаруу үчүн талапкерлигин койса, ИИМ жетекчисинин орун басарлыгында иштеген Самаркүл Адамкулова Индия элчилигине аттанууда. О.э. Сауд Аравиясында иштеп келген элчибиз Жусупжан Шарипов Катарга элчилик кызматка жөнөгөнү турат. Мурдагы муфтийге байланыштуу видео чатагы менен кызматтан кол жууган дин боюнча Мамкомиссиянын мурунку башчысы Абдулатиф Жумабаев да Сауд Аравия өлкөсүнө элчиликке аттанат. ТИМдин дагы бир аткаминери Тентимишев Гуаньчжоунун генконсулдугуна, о.э. ШКУ боюнча ТИМдин дагы бир кызматкери Осмоналиев Иранга камданды.

Тизмеде бийликтен айдалган Курманбека Бакиевдин да жакын санаалаштары бар. Айтсак, алардын бири, көптөгөн жооптуу кызматтарды аркалаган - Нур уулу Досбол. Ал да Пакистан тарапты көздөп турганы айтылууда.

Процедура боюнча бардык талапкерлерди Тышкы иштер министрлиги көрсөтүүсү зарыл, алар парламенттин профилдик комитети тарабынан колдоо таап, президенттин буйругу менен бекилүүгө тийиш.

Аныгында, тышкы иштер ведомствосу бардык талапкерлерди өлкө башчысынын аппараты менен бирге макулдашууга тийиш.

Бизнес