01:43
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19
Кыргызча

Бишкекте 3-мартта бакчаларга барбаган балдарды мектепке даярдоо башталат

Бул туурасында борбор калаанын муниципалитет кызматы билдирет.

Иш-чара Бишкектин 91 мектебинин 110 классында башталат. Даярдыкка 6-7 жаштагы бала бакчага барбаган 3 миңден ашуун жеткинчек катышат. Бул даярдык Билим министрлигинин 240 сааттык программасынын алкагында жүргүзүлөт.  

110 класстын ичинен 73ү Бишкектин Свердлов, Ленин райондорунда ачылды. Анткени ушул райондорго караштуу жаңы конуштар көп. Аныгында, борбор калаанын муниципалдык бала бакчалары менен балдардын чыгармачылык борборлорунда 5 миң 603 жеткинчек мектепке чейинки даярдыктан өтөт. 
Бизнес