Чукул кырдаалдар министирлиги (ЧКМ) муну ала жаздагы аба температурасынын жогорулашы менен түшүндүрүүдө.
1-марттан 3үнө чейин өлкөнүн тоолуу аймактардагы авто жолдорунда кар көчкү коркунучу бар жана жолдор тайгак болору күтүлүүдө. Андыктан баардык айдоочулар авто-унаалардын ортосундагы 500 метирди так сактоону эскертет.
О.э. ЧКМ кечээ Бишкек-Ош авто жолунда кар көчкү түшүрүү иштерин жүргүзүп, 246 жана 255-чакырымындагы авто жолдор тазаланды. Бардыгы менен 35 жардыруу болуп, жыйынтыгында 40 миң кубометр күрткү түшүрүлдү. Андан тышкары, ЧМКнын атайын ыкчам тобу Көк-Кыя аймагынын 60-чакырымындагы Ала-Бука-Каныш-Кыяга келишти.
Бүгүн ал жерде да күрткү кулатуу иштери уланат.