Бул туурасында «24.kg» МАга КР Жогорку сотунан (ЖС) маалымдашты.
ЖС маалымат кызматынын билдирүүсүндө: Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 2013-жылдын 7-октябрында Караколдогу башаламандыкка катыштыгы барларга өкүм чыгарылды.
Эскертсек, «Кумтору» боюнча меморандумга каршы Жети-Өгүз районунда митинг болуп өткөн. Акция катышуучулары Караколдун чоң аянтчасына келген Ысык-Көл облусунун дубан жетекчиси Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка авто-унаада барымтага кармап, андан соң обуладминистацияны курчоого алууга аракеттенишкен. Тополоңдо өрт чыгып, милийсалар менен да кагылыш болгон.
Ишти териштирүүдө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 18 тургуну кармалган. 10-октябрда 8 адам, а кийин экөөсү да бошотулган. Калгандарына КР ККга ылайык 113-берене боюнча «Бейажал коркунучу», 227 «Барымтадагыларды бошотпоо», 234 «Бейбаштык» жана 341 «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» айыбы тагылган.
Мамлекеттик айыптоочу Караколдогу тополоңго катышуучулар 4 жылдан 14 жылга чейин абакка кесилүүсүн өтүндү.
Абдразак Боромбаев төрагалык кылган сот акция уюштуруучуларынын экөөсү - Наристе Калчаев менен Жыргалбек Мажитовго өкүм чыгарып, алар 8 жыл эркиндиктен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жазаланмай болушту.
Айыпталуучулардын дагы экөөсү - Каныбек Мадаминов менен Улан Чибутов (Саруу айылдык кеңешинин депутаттары) да күнөөлүү деп табылып, тополоңго катышкандыктары үчүн 4 жылга кесилишти. О.э. Калык уулу Аскат, Турдубай уулу Саламат, Турсунбек уулу Азамат жана Бакай Акбаров шартуу мөөнөткө кесилишти.
Сот бүтүмүнө ылайык, тополоң учурунда кармалган «Мерседес Бенц» жана «Фольксваген Венто» мамлекет эсебине кириптелди.
Эскерте кетчү жагдай, авто-унаалардын бири экс-депутат Садыр Жапаровдун эжеси Салтанатка катталган, анда Эмилбек Каптагаевди барымтага кармап, эгер митингчилердин талабы аткарылбаса, ага бензин чачып өрттөп ийебиз деп опузалашканы маалым.