09:06
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Дин иштер боюнча комиссия Чубак Жалиловго Нооруз расмий майрам экенин эскертти

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мурдакы муфтий Чубак ажы Жалиловго Нооруз расмий майрам экендигин эскертет. Бул тууралуу алардын Мусулмандар дин башкармалыгына жана Аалымдар кеңешине жолдогон кайрылуусунда айтылат.

«Ноорузду майрамдабоого чакыруу — бул өлкөнүн Конституциясында бекитилген светтик принциптерге каршы туруу. Бул ханафит масхабына дал келбейт. Чубак ажы Жалиловдун билдирүүлөрү коомдук жарып бөлүүгө түртөт» — дейт Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия.

Комиссия муфтият жана Аалымдар кеңешинен Чубак ажы Жалиловдун сөзүнө баа берүүнү суранат.

Эскерте кетсек, белгилүү аалым Нооруз майрамын майрамдоодон баш тартууга чакырган. Нооруз 21-мартта майрамдалат. Ал күн Эмгек кодексинде эс алуу катары белгилген.

Буга чейин Чубак ажы Жалиловдун эки аял алуу боюнча чакырыгы коомдо кызуу талкуу жаратып, анын негизинде Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы ажыны тергөөгө дагы чакырган.

 

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума