21:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучунан улам он үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски көчкү активдешип баштагандыгына байланыштуу кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүндү.

Жалал-Абад облусунун аймагында 1 миң 20 кооптуу аймакта 1 миң 67 үй-бүлө жашайт. Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде башкармалыктын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскетүү баракчалары берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума