21:53
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

8-майда Бишкектин чыгыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

8-майда Бишкектин чыгыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «ВПУ» суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин пландоодо.

Саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө суу болбойт:

  • Садовая көчөсү — Чүй проспектиси — Валиханов көчөсү — темир жол линиясы;
  • 7-апрель көчөсү — Ауэзов көчөсү — Исакеев көчөсү — Валиханов көчөсү;
  • Учкун конушу жана Учкун кичи району.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума