12:02
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстан Иран менен Израилди аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна кооптонуусун билдирет. Бул тууралуу мекеменин билдирүүсүндө айтылат.

Анда белгиленгендей, Кыргызстан тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.

«Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат», — деп билдирди ТИМ.

  • 14-апрелге караган түнү Иран Израилге дрондор жана канаттуу ракеталар менен сокку урду. Израилдин армиясы Ирандын 300гө жакын ракеталарынын 99 пайызы жок кылынганын билдирди. 1-апрелде Израил Ирандын Дамасктагы консулдугуна чабуул жасап, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жети жогорку даражалуу командири каза болгон. Иран кол салууну Израилдин жасаган чабуулуна жооп деп билдирди.
  •  Мындан тышкары, Иран бир нече араб өлкөлөрү аркылуу АКШга эскертүү берип, эгер Вашингтон Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалга кийлигише турган болсо, аймактагы америкалык базаларга сокку уруларын айтты.
Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума