11:15
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Эч кандай санкциядан коркпойбуз — Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда «Мир» карталарын тейлөө токтотулганы боюнча «Кабар» агенттигине комментарий берди.

«Биринчиден, биз эч кандай санкциядан коркпойбуз. Жашоо санкция менен деле улана берет. Экинчиден, санкция киргизгенге негиз да жок. Үчүнчүдөн, «Мир» картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ өкмөткө карабайт. МПЦны (Банктар аралык процессинг борбору — ред.) коммерциялык банктар көзөмөлдөйт.

Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54 пайыздан көбүнө кожоюндук кылышат экен.

Акылбек Жапаров

Балким ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек деп ойлойм», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, «Мир» картасы көбүнчө россиялыктарга эмес, бизге пайда алып келет эле. Аны өчүргөн үчүн Россиянын кылы да кыйшайбайт.

«Мир» картасы иштеп турганы бизге көбүрөөк керек эле. Мейли эми өчүрсө өчүрүптүр да деп башка жолдорун караштырып жатабыз. МПЦ өкмөт менен макулдашып койсоңор болмок деп жатабыз. Себеби Россияда биздин бир миллиондон ашуун жарандарыбыз бар. Алардын баары «Мир» картасын колдонушчу. Россия тараптан да үч жылдан бери Кыргызстанга өзүңөрдүн баңкынарды ачкыла же чоң бир банкыңардын филиалын ачып бергиле деп суранып келе жатабыз. Макул деп эле келе жатышат, бирок эмдигиче ачылбай жатат. Жай иштешеби же ачкылары келбей жатышабы билбейм. Эң жок дегенде бир банкынын филиалын ачып коюшса биз үчүн жакшы болот эле», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума