11:54
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль утту

Денис Петрашов Сан-Антониодо (АКШ) өткөн 2024 TYR Pro Swim Series турниринде алтын медалды алды. Бул тууралуу социалдык тармактарда Суу спортунун федерациясы билдирди.

100 метр аралыкты брасс менен кыргызстандык спортчу 59,83 секундда сүзүп өттү. Ал финалда 1 мүнөткө жетпеген убакытта аралыкты сүзүп өткөн жалгыз катышуучу болуп калды.

Экинчи орунду учурдагы дүйнө чемпиону Ник Финк ээледи (1 мүнөт 0,03 секунд).

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума