10:27
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Орусия калдык сактоочу жайларды рекультивациялоого 2,1 миллиард рубль бөлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстанда уранды Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Советтер Союзу эмес, башка өлкө казып алган деген имиштер бар экенин айтты. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов анын сөзүн четке какты.

«Биз ар беш-он жыл сайын калдык сактоочу жайларды көчүрүп турабыз. Ага канча деген акча кетти, экологияга жана калкка канча деген зыян келтирилди», - деди депутат.

Азамат Мамбетов 2013-жылы Орусия калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо үчүн Кыргызстанга 2 миллиард 70 миллион рубль бөлүп бергенин айтты. Учурда бул акчага Майлуу-Суу жана Кажы-Сай шаарларында иштер аткарылып жатат.

«Мындан тышкары, өткөн жылы токтом чыккан, Россия бизге дагы 2 миллиард 141 миллион рубль берет. Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Сочиде ага кол коюлган, жакынкы арада биз келишимди ратификациялоону Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз», — деди министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында эсеп ачылып, эл аралык донорлор тарабынан 44 миллион евро чогултулган. Бул каражат Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосунда бөлүштүрүлөт. Кыргызстан 28 миллион евро алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума