12:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Абдрахманов көчөсүндөгү велосипед жолу үч түскө боелду

Абдрахманов көчөсүндөгү велосипед жолу үч түскө боелду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул Бишкек шаарынын мэриясы менен «Централ Эйжа Интернэшнл Девелопмент Компани» ЖЧКсынын кызматташтыгынын негизинде жүргүзүлдү. Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки велосипед жолу Shanghai baishi huanuo Road Engineering Co ишканасы тарабынан боелду.


Белгиленгендей, ар бир төшөлмөнүн техникалык көрсөткүчтөрү ар башка жана баалары боюнча да айырмаланат:

  • кварц кум менен аралаштырылган жашыл полимер боёгу;
  • үстүнкү катмары керамика гранулдары менен сары полиуретан суюк клей;
  • кошулмасы полиуретан күлгүн сары боёк;

«Пилоттук долбоор Бишкек шаарынын климаттык шарттарына ылайыктуу болсо, аталган технологияны борбор калааны көрктөндүрүү үчүн колдонуу боюнча белгиленген тартипте каралат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума