12:23
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Тик учактын кыйрашы. Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду

Бишкектин четинде Ми-8 МТВ тик учагынын кулашы боюнча алдын ала иликтөө аяктады. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Руслан Мукамбетов билдирди.

«Комиссия кырсыкты иликтеп бүттү, бирок Аскер прокуратурасы дагы деле тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, тик учактын бардык агрегаттары жана тетиктери оң эле болгон. Ми-8 МТВ тик учагынын кулашына аба ырайынын катаал шарты жана адамдык фактор себеп экени аныкталууда», — деди Руслан Мукамбетов.

Буга чейин өлкөнүн башкы прокурору Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн командири Кылычбек Айдаралиев кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирген.

Эскерте кетсек, 17-январда Абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жабыркаган. Окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ми-8 МТВ тик учагы окуу-машыгуу учууларынын жүрүшүндө Достук айылынан алыс эмес жерде жайгашкан «Фрунзе-1» авиабазасына авариялык түрдө конууга аргасыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума