18:37
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Акыркы үч жылда Кыргызстанда 2 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Акыркы үч жылда Кыргызстанда 2 миң 59,6 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Маалыматты Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинде 2021-жылы 286,5 чакырым, 2022-жылы 896,1 чакырым жана 2023-жылы 877 чакырым жол асфальтталган.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Финансы министрлиги учурдагы бюджеттин эсебинен 1,36 миллиард сом жана «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 1,4 миллиард сом каржылаган. 2024-жылы 660 чакырым жолдо оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума