16:20
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

2023-жылы Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн ичинен эң көп күрүч кымбаттаган

Өткөн жылы Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, тамак-аш азыктарынан күрүчтүн баасы көтөрүлгөн. Күрүч 2023-жылдын декабрында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 39,9 пайызга кымбаттаган.

Ошондой эле Улутстаткомдун маалыматтарына караганда, жемиштердин (23 пайызга), кондитердик азыктардын (9 пайызга), балыктын (8,3 пайызга), макарон азыктарынын жана башка дан азыктарынын (7,3 пайызга), алкоголсуз суусундуктардын (5,9 пайызга), сүт азыктарынын (5,6 пайызга), нандын (5,2 пайызга) баалары да кыйла жогорулаган.

Мындан тышкары, 2023-жылы эт 1,4 пайызга жана ун 1,3 пайызга кымбаттаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума