18:17
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Москвадагы кол салуу. 10 адамдын сөөгү такталбай жатат

«Крокус Сити Холлдогу» теракт учурунда каза болгондордун арасынан 10 адамдын ДНК тести туура эмес чыгып жатат. Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитеттин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, 10 адамдын сөөгү такталбай жатат.

«Биздин консулдар лабораториялар менен иштешип, тергөөчүлөр менен жолугуп жатышат. Бүгүн же эртең так жыйынтыктар чыгып калышы мүмкүн», — деди ТИМ башчысы.

Депутат Улан Примов бул маселени жеке көзөмөлгө алууну суранып, депутаттар дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыздардын жакындары менен дайыма байланышта экенин белгиледи.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан.  Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, терактта 145 киши каза болду. Жалпысынан 11 шектүү камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума