15:53
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Айыл чарба министрлиги: аймактарда кайсы мөмө-жемиштерди өстүрүү оңтойлуу

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын аймактарында мөмө-жемиштердин кайсы түрүн өстүрүү оңтойлуу экендиги туууралуу маалымат таратты.

Мекеме Кыргызстанда багбанчылыкка көп жылдар бою көңүл бөлүнбөй бак-дарактар, жемиштер эски технология менен өстүрүлүп келгенин белгиледи. Бул багытта атайын мыйзам жана ченемдик укуктук актылар дагы каралган эмес.

 Ургалдуу багбанчылык азыркы учурда дүйнө жүзүндө өтө тез өнүгүп жаткан айыл чарба багыты жана өлкөнүн экономикасына зор салым кошо алат.

Кунарлуулугу төмөн жайыттарды көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө пайдаланууга берүү мыйзамынын негизинде дыйкандар 614 миң гектар жер аянтын көп жылдык ижарага алып, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ар бир райондун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрү эске алынып, питомниктер менен биргеликте мөмө жемиштердин түрлөрүн жана сортторун облустарга адистештирүү иштелип чыкты.

Баткен облусу

Климаттык кыртыштык шарттары баардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, өзгөчө жүзүмдүн ашкана жана техникалык сортторун өстүрүүгө ылайыктуу. Кадамжай районунда алча жана гилас, Баткен районунда өрүк, Лейлек районунда өрүк өстүрүү сунушталат.

Жалал-Абад облусу

Тоо этектериндеги райондордо көп жылдык мөмөлүү бак-дарак өсүмдүктөрүнүн, Сузак районунда жүзүмдүн, Аксы районунда кайналынын, Чаткал районунда чычырканак, карагат, ит мурундун аянттарын көбөйтүү сунушталат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл жана Тоң райондору мөмөлүү бак дарактарды, анын ичинен гилас, өрүк, шабдалы, алма өстүрүүгө, Жети-Өгүз району жана Ысык-Көл облусунун түндүк тарабы малина жана карагат өстүрүүгө адистешкен. Кулпунай өстүрүү баардык райондордо мүмкүн.

Нарын облусу

Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо жана Кочкор райондорунда алма, алмурут, өрүк, карагат, барбарис, дан куурай, кулпунай жана чычырканактын тикенексиз сортторун өстүрүүгө мүмкүн.

Ош облусу

Ош облусунда негизинен дан эгиндери, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана техникалык өсүмдүктөр өстүрүлөт. Мөмө-жемиштердин баардык түрүн Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда өстүрүү сунушталат.

Талас облусу

Талас өрөөнүнүн кыртыш-климаттык шарттары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, анын ичинен алма, алмурут, кайналы жана жемиш өсүмдүктөрүнүн баардык түрүн өстүрүүгө ылайыктуу.

Чүй облусу

Жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүүгө байланыштуу тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн — алма, алмурут, жүзүм жана жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүү сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума