18:58
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Асел Ногойбаеванын иши. Сот айыпталуучунун апелляциялык арызын карады

Бүгүн Чүй облустук соту мурдагы жубайы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган Азамат Эстебесовдун апелляциялык арызын карады. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине жабырлануучунун адвокаты Индира Саутова билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучуга карата чыккан негизги өкүм — 20 жылга эркинен ажыратуу өзгөрүүсүз калды.

«Бир эпизод боюнча ал күнөөлүү деп табылып, 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды, бул 50 миң сом. Жалпысынан ал мамлекетке 120 миң сом айып пул төлөшү керек», — деди Индира Саутова.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында 36 жаштагы Асел Ногойбаева бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн. Анын мурунку күйөөсү Азамат Эстебесов кулагын жана мурдун кесип салган. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Асел Ногойбаеванын үй-бүлөсү жана активисттер Азамат Эстебесовду өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан.

26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга соттогон.

Соттун чечими менен ал Асел Ногойбаевага моралдык зыян катары 2 миллион сом, мамлекетке 80 миң сом айып пул төлөп бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума