15:07
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26,5 миңден ашык түрү бар

Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26,5 миңден ашык түрү бар. Маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарыялады.

Кыргызстан аянты боюнча чакан өлкө болгонуна карабастан (планетанын бардык кургактыгынын болгону 0,13 пайызын ээлейт), бул жерде өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүнүн 2 пайызга жакыны жана жер бетиндеги жаныбарлардын 3 пайыздан ашыгы кездешет.

«Адистердин баамында, биздин өлкөдө өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26 миң 500дөн ашык түрү жашайт, алардын көпчүлүгү уникалдуу жана бизде гана кездешет (эндемик). Бирок республика бул укмуштуу ар түрдүүлүктү сактоо чакырыгына туш болууда. Адамдардын иш-аракеттеринен улам көптөгөн түрлөр жок болуп кеткен, ал эми башкалары коркунуч алдында турат, демек, алардын саны тынымсыз азайып баратат. Мисалы, жолборс, кызыл карышкыр жана бизон сыяктуу ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн үч түрү жок болуп кеткен», — деп бегиледи министрлик.

Канаттуулардын 26 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Курт-кумурскалардын 150дөн ашык түрү жана 30дан ашык башка омурткасыздар да жок болуп кетүү коркунучуна туш болушууда. Омурткасыздардын эки түрү биздин өлкөдө тукум курут болгон деп таанылган.

 Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жоголуп бара жаткан жана жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн тизмесине канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоочулардын 8 түрү, балыктардын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрү, ошондой эле жогорку өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 89 түрү кирет.

«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экосистемаларды коргоо жана бардык түрлөрдүн, анын ичинде биздин жаратылышты ушунчалык бай кылган уникалдуу эндемиктердин жашоосун камсыз кылуу, ошондой эле корголуучу аймактардын санын көбөйтүү, биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтирүү жана коргоо боюнча программаларды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүдө. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана жаратылышты коргоо боюнча эл аралык аракеттерге активдүү катышууда», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума