17:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Олимпиада-2024. Кыргызстан 30 лицензия алууну пландоодо

Париждеги олимпиада оюндарына катыша турган кыргызстандык спортчуларга 275 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.

Анын айтымында, январь айынан бери квалификациялык жана лицензиялык турнирлерге кызуу даярдык жүрүүдө.

Алтынбек Максутов олимпиада жана паралимпиада оюндарына 27-30 лицензия алуу пландалып жатканын кошумчалады. Бүгүнкү күндө алты лицензия бар.

«Спорттун парасурдолимпиадалык түрлөрүнө 41 миллион сом бекитилди. Лицензия алуу жана спортчуларды сапаттуу даярдоо үчүн кошумча 100 миллион сом бөлүндү. Алар дары-дармектерге, дарыгерлерге, окутууга жана машыгууга багытталган», — деп белгиледи Маданият министрлигинин башчысы.

Ал Олимпиада оюндарына лицензия алуу мүмкүнчүлүгү бар спорттун түрлөрүн атап өттү:

  • дзюдо;
  • грек-рим күрөшү;
  • эркин күрөш;
  • кыз-келиндер күрөшү;
  • жеңил атлетика;
  • оор атлетика;
  • бокс;
  • байдарка жана каноэде сүзүү;
  • сууда сүзүү;
  • атуу;
  • жаа атуу;
  • триатлон;
  • фехтование.
Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума