17:01
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстандык спортчу оор атлетика боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Ишенбек Муратбек уулу Таиланддын Пхукет шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Эки көнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча 67 килограммга чейинки салмак категориясында ал 294 килограмм жыйынтык көрсөттү.

Белгилей кетсек, ал силкинип көтөрүү боюнча 172 килограмм жыйынтык менен кичи күмүш медалга ээ болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума