17:50
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Биринчи айымдын фонду жана Эмгек министрлиги Ак-Сууагы балдарга жардам көрсөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биринчи айым Айгүл Жапарова жетектеген «Эне — балага тирек» коомдук фондунун колдоосу менен Ак-Суу районундагы 1 миң 100дөн ашык балага кийим-кече жана бут кийим тапшырды.

Жардам алуучалардын тизмесине тоголок жетим балдар жана муктаждыгы боюнча жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары киришти.

Буга чейин мындай жардам министрликтин 17 социалдык стационардык мекемелерине берилген. Аларда 2,3 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума