19:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Самбо боюнча Дүйнө кубогу. Кыргызстандык спортчу коло медаль утту

 4-5-апрелде Ереванда (Армения) самбо боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Турнир квалификациялык болуп саналат, анда биринчи рейтингдик упайларды топтоого болот. Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча 12 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.

Мираида Медетбек кызы 65 килограммга чейинки салмак ченинде үчүнчү орунду ээледи.

Эл аралык самбо федерациясы
Фото Эл аралык самбо федерациясы

Мелдештин онлайн-трансляциясы Sambo.Live видеопорталда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума