14:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан биринчи жолу Глобалдык жумшак күч индексине кирди

Brand Finance консалтинг уюму Кыргызстанды биринчи жолу өзүнүн Глобалдык жумшак күч индексине (Global Soft Power Index 2024) киргизди.

Кыргызстан 29 балл менен рейтингде 148-орунга жайгашты.

Жумшак күч индекси өлкөнүн эл аралык коомчулукка мажбурлоо менен эмес, ынандыруу, сүйлөшүү жолу аркылуу таасир этүү жөндөмүн көрсөтөт. Башкача айтканда, жумшак күч мамлекеттин эл аралык аренадагы кадыр-баркынын деңгээлин көрсөтөт, ал башка өлкөлөрдүн бир мамлекет менен ыктыярдуу түрдө өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө болгон каалоосун калыптандырат.

Индекс ар кайсы өлкөлөрдөгү 170 миңден ашуун адамды сурамжылоонун негизинде түзүлгөн. Ар бир өлкө бизнес жана соода, медиа жана коммуникация, маданият жана мурас, билим берүү жана илим, адамдар жана баалуулуктар, эл аралык мамилелер, башкаруу, туруктуу өнүгүү, таасир жана аброй сыяктуу 55 көрсөткүч боюнча бааланган.

Кыргызстандын индекстеги көрсөткүчү:

Рейтингде биринчи орунду АКШ ээлейт. Экинчи жана үчүнчү орундарда Улуу Британия жана Кытай турат. Орусия 16-орунду, Украина 44-орунду, Беларус 87-орунду ээледи.

Тажикстан 145-орунда, Өзбекстан 101-орунда, Казакстан 80-орунда турат.

Кыргызстан жумшак күч — 2024 Глобалдык индексине жаңы кошулган жалгыз өлкө эмес. Быйыл тизмеге биринчи жолу Беларусь, Молдова, Монголия жана Тажикстан да кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар