11:34
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев тергөө абагына киргизилди

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев камакка алынды. Маалыматты 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Камчыбек Жолдошбаев тергөө иштери бүткөнгө чейин, тактап айтканда 19-апрелге чейин камакта болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана «Беш-Сары» ишканасынын негиздөөчүсү (аталган фирма Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат) салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка айыпталууда. «Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума
16-май, бейшемби