Энергетика тармагын, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2024-жылы 74 миллиард сом өлчөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул 2023-жылы бөлүнгөн каражатка салыштырмалуу 40,7 миллиард сомго көп.
Каражаттар төнмөндөгү багыттарга жумшалат:
- «Электр станциялары» ачык акционердик коому жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» уставдык капиталын көбөйтүүгө — 55,8 миллиард сом;
- күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө — 7 миллиард сом;
- бюджеттик кредиттерди бөлүүгө — 2,7 миллиард сом.
Мындаш тышкары, мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында 8,1 миллиард сом каралган.