13:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Европа инвестициялык банкы Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоого каражат бөлөт

Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда жалпы суммасы 150 миллион еврону түзгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Каражат Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоо үчүн бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюу аземи Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча биринчи «Global Gateway» инвесторлор форумунун алкагында болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Брюссель шаарына жумуш сапары менен барган.

Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорт тармагындагы кызматташуусу активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар