19:33
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Депутат Марлен Маматалиев педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштады. Ал мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча парламенттик комитетинде сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, азыркы мыйзамда балдардын жыныстык кол тийбестиги боюнча кылмыштар үчүн 15 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал 15 жыл жөнүндө ченемди алып салууну сунуштады.

«Азыркы мыйзам боюнча 60 жашка толгон эркектер өмүр бою эркиндигинен ажыратылбайт. Бул ченемди да алып салууну сунуштап жатабыз. Мындай кылмышкерлер жер үстүндө баспашы керек. Алар сыртта жүргөндөн көрө, түрмөдө чирип өлгөнү жакшы», — деди Марлен Маматалиев.

Анын кесиптеши Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна каршы чыкты. Депутаттын айтымында, ал зордукчуларды коргобойт, бирок ар бир иш өзүнчө каралышы керек, ошондуктан мыйзамдарда альтернатива каралган.

Башкы прокуратура да мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар