01:48
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Сокулук районунда 14,7 миллион сом каржы бузуулар аныкталды

2022-жылга карата Чүй областынын Сокулук районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышы боюнча шайкештик аудиттин отчету каралган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирет.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Сокулук районунда 14 миллион 710,4 миң сом финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинде:

  • жетпей калуулар жана уурдоолор — 57,1 миң сом;
  • каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер — 13 194,5 миң сом, анын ичинде:
  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр- 2 737,2 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктарды жана эсепке берме суммаларды кошкондо, акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу — 49,5 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы — 6 196,9 миң сом;
  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу — 231,5 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз — 3 979,4 миң сом.
  • бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери — 759,7 миң сом, алардын ичинен:
  • салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар — 385,7 миң сом;
  • бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы — 343,9 миң сом;
  • акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддер — 30,1 миң сом;
  • Соцфонддун кошумча чегерилген кирешелери — 699,1 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -14 миллион 811,8 миң сом, анын ичинде:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары-259,8 миң сом;
  • эмгек акы төлөөдөгү бузуулар — 649,5 миң сом;
  • Министрлер кабинетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары — 12 812,1 миң сом;
  • бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары — 1 090,4 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 3 миллион 509,6 миң сом, анын ичинде:

  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар-3 503,8 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы бузуулар — 5,8 миң сом;
  • Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар — 31,9 миң сом.

Сокулук районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн. Ал эми «Сугат тармактарын капиталдык оңдоо» (З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтү) жана «Кызыл-Туу айылындагы Табышалиев көчөсүндөгү эски темир бетон лотокторду жаңыларына алмаштыруу» (Кызыл-Туу айыл өкмөтү) объекттери боюнча, «НЭК Лтд» ЖЧКсы боюнча аудиттердин материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума