01:06
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 километри макулдашылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 километри макулдашылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 1- ноябрдан 8-ноябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума