14:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин жаңы мэри Кытайдан келген делегация менен жолукту

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев Гуанчжоу шаарынын эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин директору Ван Яньши башында турган делегация менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Гуанчжоу менен өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты. Айбек Жунушалиев Бишкек жана Гуанчжоу шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктады.

Мэр социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле шаар куруу, транспорт жана шаар турмушунун башка тармактарында тажрыйба алмашуу жаатында өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Шаарды жашылдандыруу багытында тажрыйба алмашууда көрктөндүрүү долбоору ийгиликтүү ишке ашарына ишенерин билдирди.

Ван Яньши борбордун мэрин Гуанчжоу шаарына келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Бишкек жана Гуанчжоу шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашууга 2003-жылы 1-декабрда кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар