21:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте Чыңгыз Айтматовго арналган көргөзмө өтөт

Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмө 26-октябрда саат 14.00дө башталып, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.

Мекемеден белгилешкендей, «залкар жазуучу, улуттук адабияттын сыймыгы» Кыргызстандын бүткүл маданиятына, өзгөчө сүрөт искусствосу мектебине — живопись, графика, скульптура, декоративдик-прикладдык искусствого зор таасир тийгизген.

Көргөзмөгө коюлган иштерди эки бөлүккө бөлсө болот. Биринчиси, жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган, философтун жана ойчулдун инсандык масштабын ачып берген чыгармалар. Экинчиси, юбилейлик датага карата тартылган чыгармалар жана жазуучунун чыгармачылыгына түздөн-түз тиешеси жок, бирок өлкөнүн көркөм сүрөт искусствосунун жалпы өнүгүшүн чагылдырган сүрөттөр.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Көргөзмөгө сүрөтчүлөр Сүйүтбек Төрөбеков, Сапарбек Осмоналиев, Руслан Абдыкеримов, Каныбек Дубашев жана башкалардын эмгектери коюлду.

Маданият министрлиги билдиргендей, «көргөзмө Кыргызстандын көркөм сүрөт искусство мектеби өнүгүүсүн улантып жатканын жана Чыңгыз Айтматовдун осуяттарын карманарын көрсөтөт». Бул салтты урматтоо жана бардык жаңы нерселерге ачыктык, интернационализм, гуманизм жана патриотизм.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума