12:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы тоннел ачылды

Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүгө каршы тоннел ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кар көчкүгө каршы тоннелдин ачылышына катышты.

«Бул жол күн сайын кышында дагы, жайында дагы жүз миңдеген айдоочуларды тейлейт жана ошол эле учурда кар көчкү коркунучу бар. Жапон өкмөтүнүн жана JICA агенттигинин жардамы менен биз жабык жол тоннелин кура алдык, бул кар көчкү учурунда унаалардын токтоп калуусуна жол бербөөгө жана айдоочулардын коопсуз өтүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Тоннелди республиканын уникалдуу курулуштарынын катарына ишенимдүү түрдө кошууга болот. Ал жапон технологиясы менен монолит бетондон курулуп, жолдун туурасы 30 метрге кеңейтилген. Кыргыз-жапон достугунун урматына аталган тоннел көп жылдар бою кызмат кылат деп ишенем», — деген Акылбек Жапаров

Узундугу 460 метр болгон тоннелдин курулушу 2019-жылдын май айында башталып, жалпы долбоордук сметалык баасы 39,2 миллион долларды түзгөн. Учурда объекттин курулушу толук аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар