20:26
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында эркин күрөш боюнча турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу чемпионаттын сайтында маалымдалат.

76 килограммга чейинки салмак категориясындагы финалда Айпери Медет кызы казакстандык Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде утту.

Буга чейин кыргызстандык Нурзат Нуртаева (68 килограммга чейин) күмүш, Айсулуу Тыныбекова (62 килограммга чейин) коло медаль тагынган.

Бүгүн Бекзат Алмаз уулу (57 килограммга чейинки) Монгол балбаны менен коло медаль үчүн күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума