23:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин айрым тилкелеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Себеби — оңдоо иштери

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы ушул жылдын 4-октябрынан 6-октябрына чейин Бишкектеги Горький көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө пландык оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: Медеров, Горький, Абай.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар