15:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Иракта үйлөнүү тоюнда чыккан өрттөн жүздөн ашуун киши каза болду

Ирактын түндүгүндө үйлөнүү үлпөт тоюнда чыккан өрттөн 100дөн ашуун адам каза болуп, 150дөй киши жараат алды.

Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү жарандык коргонуу агенттигине шилтеме берип жазгандай, той учурунда фейерверк атылгандан кийин иш-чара өтө турган чоң залды өрт каптаган. Бирок азырынча өрт эмнеден чыкканы тууралуу расмий маалымат жок.

AP агенттиги бийлик курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткенин билдирди.

Өрт 26-сентябрдын кечинде Ирактын Найнава провинциясынын Хамдания аймагында болгон. Негизинен Ирактын христиан азчылыгы жашаган аймак Мосул шаарына жакын жана Багдаддан 335 чакырымдай түндүк-батыш тарапта жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар