09:06
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шамшидин уулу бир айга камалды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 25-сентябрда карады.

Жактоочусу Алманбет Бексултановдун айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо») менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге («Массалык башаламандыктар») алмаштырылган.

Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармаган. УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык») менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Ал күнү сот имаратынын алдында Мадумаровдун тарапташтары митинг өткөргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума