05:30
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмарашта издөө иштерине киришти

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерине киришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМ кызматкерлери жер титирөөдөн урап түшкөн урандылардын астында калган адамдарды издеп, куткаруу жумуштарын аткарышууда. Куткаруучулар 67 адамдан туруп, курамында фельдшерлер, психолог, издеп, куткаруу иштерин аткарууга кинологдор бар.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар