16:24
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Осмон Турдумамбетов: «Мекеним Кыргызстан» элге берген убадасын аткарат

Урматтуу шайлоочулар! Урматтуу кетмен-төбөлүк жердештерим!

Убакыт — учкан куш дегендей, шайлоо башталган күндөн, Кудайдын колдоосу менен, сиздердин ак пейилден жасаган мээнетиңиздер менен бүгүнкү күнгө да келдик. Шайлоо эрежесине ылайык, бүгүн бир нече сааттан кийин үгүт иштери токтойт. Үгүт өнөктүгүндө касиеттүү Кетмен-Төбө жергемди түрө кыдырып, шайлоочуларымдын ак тилектерин, асыл максаттарын угуп, ак батаңыздарды алдым. Сиздердин ак дилден жасаган колдооңуздар жүрөгүмдү жылытып, сүйүнүч тартууладыңыздар. Ар бир жолугушууда менин сөзүмө терең маани берип, кесиптик деңгээлимди баалап чын жүрөктөн добуш берели деген чакырыктарыңыздар мага дем берди. Ак сакалдуу аталар, ак элечек энелердин «атаңды көргөнбүз, атаңа тең уул бол» деген сөздөрү да мени шыктандырды. Жолугушуу мезгилинде сиздердин көздөрүңүздөрдөн жакшылыктын учкуну, илгери үмүт, аруу тилектердин илебин байкадым. Кудай буюрса, мен бардык күчүмдү, демимди, аракетимди Сиздерге арнайм деген ой жүрөгүмдө уялап турат. Намысты, абийирди туу тутуп, Сиздердин жүзүңүздөрдү жер каратпайм! Элим бар! Элден айланса болот!

Мен сиздерге терең ишенем жана таазим кылам! Шайлоодогу үгүт иши аягына чыгып келе жатат. Шайлоо бүтөт. Ынтымак бүтпөсүн! Бар болуңуздар, элим!

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Осмон Турдумамбетов.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыктарга ийгилик каалайт! Сиздин тандоо № 4.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар