16:05
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

«Мекеним Кыргызстан» добуш сатып алуудагы провакациялык видео тууралуу билдирди

ЖМКларда тарап жаткан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын агитатору Кара-Суу районунда добуштарды сатып алууда«, деген карандай калп. Бул көрүнуш атаандаштардын жасаган провокациялык иш-аракеттери.

Жергиликтүү Ички иштер башкармалыгы жагдайлар тактала электен мурда эле «Мекеним Кыргызстан» партиясына белгисиз адамды бекитүүнү чечкен. «Мекеним Кыргызстан» партиясын атайын каралаган, чуулгандуу видеотасма боюнча өзүбүз териштирүү иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында видеодогу жаран «Мекеним Кыргызстан» партиясына эч кандай тиешеси жок болуп чыкты. Тактап айтканда, тасмадагы жаран өзү, же болбосо тууган-туушкандары дагы партиянын агитатору же мүчөсү болгон эмес.

Андыктан «Мекеним Кыргызстан» партиясы бардык тараптан мындай өңүттөгү жалган жана чагымчыл маалыматтарды жарыялоодон мурун анын чоо-жайын, чын-төгүнүн текшерип чыгууга чакырабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы ар дайым таза жана шайлоодо технологияны жаман ниетте колдонбостон, жоопкерчилик менен мыйзамга ылайык иш жүргүзүп келген. Биз жасаган ишибизге жоопкерчилик алып, жасалган иштерге кепилдик беребиз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы ар бир кыргызстандыкка ийгилик каалайт! Сиздин тандоо № 4.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар