20:38
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Энергохолдинг «Чакан ГЭСтин» мурунку директоруна кенемте төлөп бербейт

Энергохолдинг «Чакан ГЭСтин» мурунку директоруна кенемте төлөп бербейт. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды.

Энергохолдингден билдиришкендей, «Чакан ГЭС» ААКнын мурунку башкы директору Арлан Осмонжановдун аны кызматтан кетишин мыйзамсыз деп таануу тууралуу доо арызын четке какты.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту арыздын бир бөлүгүн канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алган. Анда айлыктан 12 жолку өлчөмдө каражат төлөп берилиши айтылган.

Бишкек шаардык сотунда Арлан Осмонжанов кызматтан кетирген маалда Нарын облусунда командировкада жүргөнүн далилдей алган жок. Ал командировкага тиешелүү документтерди, чыгымдарды көрсөтө албады.

Эң көп окулган жаңылыктар