23:26
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Аскербек Алиев: Бишкектин түштүк бөлүгүнө жаңы көрүстөн ачуу керек

Бишкектин түштүк бөлүгүнө жаңы көрүстөн ачуу керек. Бул тууралуу мэриянын жумушчу отурумунда көмүү жөрөлгөлөр кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Аскербек Алиев билдирди.

Айтымында, маселе 2 жылдан бери көтөрүлүп келүүдө.

«Түштүк-батыш көрүстөндө орун калбай калды. Жаңы ачылганда анын аянты 69 гектар болчу, азыр 300 гектерга жетти. Гроздь айылында 2017-жылы жаңы мүрзө ачылган, ал түштүк райондордон 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаардыктардын ал жакка жакындарын көмүүгө көңүлү жок. Шаардын четиндеги айылдарга алып барып көмүп жатышат. Көпчүлүк Бишкектин түштүк бөлүгүнө көрүстөн ачууну суранышууда», -деди ал.

Көмүү жөрөлгөлөр кызматын көрсөтүү агенттигинин карамагында 6 көрүстөн бар, алардын жарымы жабык.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума