13:52
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Тажикстан майда Борбор Азия энергошакекчесине кошулары күтүлүүдө

Тажикстан май айынын аягына чейин Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасына кошула алат. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов 14-майда Ташкентте өткөн Энергетика жумалыгында (UEW 2024) билдирди.

«Биз аймактар аралык соода жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүп жатабыз. Биз электр энергиясын жеткирүү, экспорттоо, импорттоо жана транзит боюнча коңшуларыбыз — Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан менен абдан тыгыз кызматташып жатабыз. Ушул айда Тажикстан да бирдиктүү Борбор Азия энергетика системасына кошулат деп күтүп жатабыз», — деди ал.

2021-жылдын аягында Тажикстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасына кайтып келүүнү талкуулай баштаган. Өлкөнүн өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир Тажикстан 2022-жылы бирдиктүү энергетикалык системага кайтып келерин кабарлаган, бирок бул маселе бир нече жолу кийинкиге жылдырылган.

Борбор Азия аймагында бирдиктүү энергетикалык система Советтер Союзу тушунда эле түзүлүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланып келген. Бул шакекче чөлкөмдөгү беш өлкөнүн 83 станциясы бириккен. Андагы негизги ролду Токтогул ГЭСи ойногон.

Бирок СССР тарагандан кийин коңшулар ортосунда жаралган пикир келишпестиктен улам ал мурдагы маанисин жоготкон. Натыйжада, Тажикстан менен Түркмөнстан бул системадан чыгып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар